super.kg logo
  Саясат  

Элчи Улукбек Марипов Эр-Рияд шаарындагы Кыргыз жарандары менен жолукту

 

Сауд Арабиядагы кыргыз элчиси Улукбек Марипов Эр-Рияд шаарында жашаган Кыргыз жарандары жана студенттери менен жолукту. Бул тууралуу Тышкы иштер министрлигинин басма сөз кызматынан билдиришти.

Маалыматка ылайык, 18-февралда Кыргыз Республикасынын Сауд Арабия Падышалыгындагы элчиси Улукбек Мариповдун Эр-Рияд шаарында жашаган Кыргыз Республикасынын жарандары жана студенттери менен жолугушуусу болуп өттү. Анда элчи жарандарга Кыргыз Республикасынын президенти жана министрлер кабинети тарабынан Кыргыз Республикасынын социалдык-экономикалык абалын өнүктүрүү боюнча көрүлүп жаткан чаралар, ошондой эле жаштарды колдоо боюнча мамлекеттик саясат тууралуу маалымат берди.

Ошондой эле президент тарабынан Тышкы иштер министрлигинин жана республикабыздын чет өлкөлүк мекемелеринин алдына коюлган Кыргыз Республикасынын жарандарынын чет өлкөлөрдө укуктарын жана кызыкчылыктарын коргоо боюнча милдеттер тууралуу маалымат берди.

Жолугушуунун жүрүшүндө жарандардын жана студенттердин бардык суроолоруна, анын ичинде окууга тийиштүү документтерди даярдоо жана Сауд Арабияда иштөөгө уруксат берүү эрежелери боюнча жооптор берилди.

Марипов Сауд Арабиясында окуп жана иштеп жаткан Кыргыз Республикасынын жарандары үчүн кошумча ыңгайлуу шарттарды түзүүгө көмөк көрсөтүүгө даяр экендигин билдирип, аларды жарандар жана элчилик тарабынан Эр-Рияд шаарында пландаштырылган спорттук жана маданий иш-чараларга активдүү катышууга чакырды.






 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 7 
Талкуу жабык.
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: