super.kg logo
  Спорт  

Күрөш федерациясы Акжол Махмудовдун каршылашынын үстүнөн Бириккен күрөш уюмуна даттанды

 

Кыргыз өлкөсүнүн Күрөш федерациясы Акжол Махмудовдун каршылашынын үстүнөн Бириккен күрөш уюмуна даттанды. Бул тууралуу Кыргыз өлкөсүнүн Күрөш федерациясынын басма сөз кызматынан билдиришти.

Болгариянын Велико-Тырново шаарында өтүп жаткан "Dan Kolov - Nikola Petrov" эл аралык турниринин жарым финалында кыргыз балбан Акжол Махмудов болгариялык Айк Мнацаканян менен күрөшүп, 4:2 эсеби менен утулуп калган. Күрөштүн биринчи бөлүгүндө балбандар бирден упай алды. Экинчи бөлүктө Мнацаканян кыргыз балбанын партерден көтөрүп, эки упайга ээ болду. Бирок каршылашы көтөргөндө Акжол аны басып жыгылып, чийинден сыртка сүрүп чыкты, ушул жерде калыстар талаштуу чечим кабыл алып, кыргыз балбанына 1 гана упай берген.

Буга нааразы болгон машыктыруучу ортого челлендж ыргытса, болгариялык балбан аны четке ыргыта тепти. Калыстар дагы машыктыруучунун талабын четке кагышып, беттеш 4:2 эсеби менен жыйынтыкталды.

Бул окуяга байланыштуу Кыргыз өлкөсүнүн Күрөш федерациясы Бириккен күрөш уюмуна ачык кат аркылуу даттанды.

Анда “болгариялык спортчу Айк Мнацаканяндын агрессивдүү, жосунсуз аракеттерине жана калыстардын Акжол Махмудовго карата чыгарган чечимине көңүл бурушуңуздарды сурайбыз", - деп айтылат.






 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 2 
Комментарийлер(2)
20.02.2022. 15:34 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+3
Армчн окшойт .идараз
20.02.2022. 16:06 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+3
Калыстар тобу деле акчалууларга тартат
1
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: