super.kg logo

Орус аскерлерине Украинага басып кирүүгө буйрук берилгени айтылды

 

Америкалык CBS телеканалы атын атагысы келбеген америкалык аткаминерге таянып, Орусиянын аскерий командачылыгы Украинага басып кирүүгө буйрук алганын ырастады. Бул тууралуу чет элдик маалымат булактары жазышты.

"Бизде орус аскерлерине Украинага басып кирүүгө буйрук берилгени тууралуу чалгын маалыматтары бар", - деп айтылган телеканалдын маалыматында.

Мындан тышкары, жер-жерлерде командирлерге согуш талаасынын өз секторлорунда конкреттүү маневрлерди иштеп чыгуу милдети жүктөлгөнү айтылды.

Ал арада Орусиянын Коргоо министрлигиндеги жакын булак РИА Новости басылмасына CBS телеканалынын маалыматын келесоолук деп атады.

"Бул "сенсациянын" авторлору президент Жо Байденди өздөрүнүн фантазиялары менен келесоо абалга келтиришти. Байден өткөн жуманын башында орус аскерлери Украинага 16-февраль күнү басып кириши керек деп билдирген. Аны Американын чалгындоо кызматы дагы тастыктап, баары даяр экенин билдирген. Америкалык чалгын кызматтары "баскынчылык" башталган 16-февралдан дээрлик бир жума өткөндөн кийин орус командирлери "өз иш-аракеттерин пландап" баштаган имиш", - деген Коргоо министрлигиндеги булак.

Анын айтымында, Орусиянын куралдуу күчтөрүндө баары таптакыр башкача уюштурулган.

"Ошондуктан америкалык маалымат каражаттарынын бул келесоолугу эч нерсеге алып келбейт", - деп жыйынтыктаган өздүк булактар.






 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг -2 
Комментарийлер(2)
21.02.2022. 10:07 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+12
Батыш өлкөлөрү эптеп согуш чыгара албай убара. Ар кандай шылтоо издеп.
21.02.2022. 18:54 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+2
futboler,батыш деле жаман бирок Россия саясаты деле периште эмес
1
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: