super.kg logo
  Спорт  

"Суроого жооп бербей чыкканча шашып". Допингге шектелген Камила Валиеваны аэропорттон кантип тосуп алышты? (фото)

 

Пекин шаарында болуп өткөн кышкы Олимпиада оюндарында допингге шектелип, миллиондогон адамдын көңүлүн өзүнө бурдурган 15 жаштагы көркөм муз тебүүчү Камила Валиева күйөрмандары менен жолугуудан баш тартып, суроолорго жооп берген жок. Мындай маалыматты орус басылмалары жазышты.

Маалыматка ылайык, күйөрмандар көркөм муз тебүүчүнү гүлдөр, жумшак оюнчуктар жана колдогон плакаттар менен 3 сааттан ашык күтүп, тосуп алышкан. Камила Валиева келери менен аэропорттон чыкканча шашып, эч кимдин суроосуна жооп берген эмес.

Буга чейин допингге шектелген Камила Валиеванын Олимпиададагы коопсуздугун камсыздоо үчүн 60 адам дайындалганы кабарланган.

Эске салсак, буга чейин Камила Валиеванын допинг-тести күмөндүү болуп чыкканы тууралуу маалымат чыккан. Ал эми 14-февралда Спорт арбитраждык соту Камила Валиеванын Олимпиададагы жүрүшүн улантууга уруксат берген. Кийинчерээк Эл аралык Олимпиада комитети Камила Валиеванын денесине допинг чоң атасы колдонгон азык-түлүк аркылуу киргендигин билдирген.






 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Комментарийлер(0)
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: