EFC: Ооруканага түшкөн Бусурманкул Абдибаит уулунун абалы айтылды
Хабиб Нурмагомедовдун уюму аталган EFC'нин жеңил салмактагы чемпиону, кыргыз мушкери Бусурманкул Абдибаит уулунун ден соолугу акырындан калыбына келүүдө. Бул тууралуу SUPER.KG порталына Бусурманкул Абдибаит уулунун машыктыруучусу Кенжебек Чекиров билдирди.
"Азыркы маалда интенсивдүү дарылануу алып жатат. Бара-бара абалы калыбына келүүдө. Ушул жума дагы дарыгерлердин көзөмөлүндө болот. Алардын уруксаты менен ооруканадан чыкса, Бишкекке жол тартат", - деди Чекиров.
18-февралда Бусурманкул Абдибаит уулу ден соолугуна байланыштуу Москвада ооруканага жаткырылган.
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.
Рубрикадагы соңку кабарлар
Рейтинг:
0

Комментарийлер(0)
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.