Ысык-Көлдө көлдүн суусу 80 метрге чейин тартылып кеткени айтылды (видео)
Ысык-Көлдө көлдүн суусу жээктен 80 метрге чукул тартылып кетти. Бул тууралуу Бакыт Бекболсунов аттуу социалдык тармактын колдонуучусу жазып, видео жүктөдү.
"Тоң району, Оттук айылы. Көлдүн суусунун тартылганын карагылачы. Быйыл дагы кургакчылык болобу?", - деп жазды ал.
Видеодон көрүнгөндөй көлдүн суусу жээктен дээрлик 70, 80 метрдей тартылган.
Буга чейин дагы, Ысык-Көл облусунун Чолпон-Ата шаарында көлдүн суусу тартылганы байкалган.
Тоңдо көлдүн суусу тартылганы айтылды
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.
Рубрикадагы соңку кабарлар
11:24
2025-06-14
Рейтинг:
0

Эгер бул канча деп элестетуу кыйын болуп жатса, бугунку кундогу Токтогул суу сактагычындагы сууну элестеткиле. Ошондон эле бираз азырак суу. Токтогул суу сактагычында бугун 8млрд кубтан кобурок суу бар.
Бул деген катастрофа!