super.kg logo
  Саясат  

Ош. Митингге Баткен облусунан келген өкүлдөр да катышууда

 

Ош облусунун борбордук аянтында бүгүн, 22-ноябрда Ахматбек Келдибековду бошотуу талабы менен өтүп жаткан митингге Баткен облусунун Кадамжай районунан өкүлдөр келип кошулду. Бул тууралуу аймактык кабарчыбыз Элира Чынтемир кызы маалымдады. Мындан сырткары Кара-Суу районунун тургундары да митингге катышып, алар Ахматбек Келдибековду СИЗОдон үй камагына чыгарып, тергөө иштерин жүргүзүү талабын коюшууда. Шаардагы митингди укук коргоо органдары көзөмөлдөөдө.

Эске салсак, Башкы прокуратура тарабынан Жогорку Кеңештин депутаты Ахматбек Келдибековго карата Кылмыш жана жаза кодексинин "паракорчулук" жана "кызмат абалынан кыянаттык менен пайдалануу" беренелери боюнча кылмыш иши козголуп, 20-ноябрда камакка алынган. Депутатты бошотуу талабы менен кечээ, 21-ноябрда Ош облусунун Алай районунун тургундары митингге чыгышкан. Митингчилер тарабынан тосулган жол кечки саат 17:15те ачылган. Бишкекте 21-ноябрда Ак үйдүн алдында да депутатты бошотуу талабы менен митинг өткөн.  






 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Талкуу жабык.
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: