super.kg logo
  Спорт  

Футбол: "Рекорд". Жаңы Зеландиялык футболчу өзүнүн дарбазасына хет-трик жасады (видео)

 

Кыз-келиндер арасындагы футбол боюнча She Believes Cup турниринде адаттан тыш эл аралык рекорд коюлду. Мындай маалыматты чет элдик спорттук басылмалар жазышты.

Маалыматка ылайык, Жаңы Зеландиянын борбордук коргоочусу Мекайла Мур АКШ командасы менен болгон беттеште уникалдуу жетишкендикке жетишти. Тагыраагы, ал өз дарбазасына үч гол киргизген. Мур беттеш башталгандан кийин бир мүнөттүк интервал менен алгачкы эки голду киргизип, беттештин 36-мүнөтүндө “хет-трик” жасаган.

Мындан улам машыктыруучу аны алмаштырууга аргасыз болгон.

Оюн 5:0 эсебинде АКШнын жеңиши менен аяктаган. Эң кызыктуусу жаңы зеландиялык футболчу үч голду денесинин ар кайсы бөлүктөрү: сол жана оң буттары, ошондой эле башы менен киргизген.

Муну менен Мекайла Мур эки буту жана башы менен өзүнүн дарбазасына хет-трик жасаган тарыхтагы алгачкы футболчу болуп калды.






Жаңы Зеландиялык футболчу өзүнүн дарбазасына хет-трик жасады

 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 2 
Комментарийлер(1)
21.02.2022. 20:05 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+2
1жолу же 2жолу эмес 3жолу,она оказалась не в то время,не в том месте
1
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: