ӨКМ: "Жалал-Абадда кар көчкүнүн астында калган 4 жаранды издөө иши күчөтүлгөн тартипте жүрүүдө"
Жалал-Абадда кар көчкүнүн астында калган 4 жаранды издөө иши ӨКМ тарабынан жеринде күчөтүлгөн тартипте жүрүүдө. Бул тууралуу Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин басма сөз кызматынан билдиришти.Маалыматка ылайык, жалпысынан Өзгөчө кырдаалдар министрлигинен 53 куткаруучу, 3 кинолог иттер менен, атайын издөө жана темир издөө каражаттары менен жүргүзүлүүдө. Ошондой эле 8 атайын техника, тагыраагы эксковатор, бульдозер, грейдер жана унаа жүктөгүч тартылды.
Маалыматка ылайык, кардын жалпы көлөмү 1 миллион метр кубду түзөт. Ага карабастан куткаруучулар бүгүнкү күндө 20-30 метрге чейинки тереңдиктеги карды казып, издөө ишин улантууда.
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.
Рубрикадагы соңку кабарлар
Рейтинг:
0
0
Комментарийлер(0)
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.

Супер-Инфо
super.kg видео
















