super.kg logo
  Саясат  

Камчыбек Ташиев: "Келдибековду бошотуу маселеси мыйзам чегинде чечилбесе, эл мыйзам бузууларга барат"

 

Ош облусунун борбордук аянтында бүгүн, 22-ноябрда Ахматбек Келдибековду бошотуу талабы менен митинг өтүүдө. Жогорку Кеңештин мурдагы депутаты Камчыбек Ташиев "Келдибековду бошотуу маселеси мыйзам чегинде чечилбесе, эл мыйзам бузууларга барат" деп билдиргенин аймактык кабарчыбыз Элира Чынтемир кызы маалымдады. Ал митинг болорун угуп, кечээ Ошко келгенин айтты.

 "Ахматбек Келдибековдун абалын жакшы түшүнүп турам. Абакта отурган 1 күн кандай экенин билем. Ахматбек "Ата Журт" партиясын негиздегендердин бири. Ал эл өкүлү катары маанилүү кызматтарда иштеген. Ал эч жакка качып кетпейт. Камоонун кажети жок эле",- деди Ташиев. 

Эске салсак, Башкы прокуратура тарабынан Жогорку Кеңештин депутаты Ахматбек Келдибековго карата Кылмыш жана жаза кодексинин "коррупция" жана "кызмат абалынан кыянаттык менен пайдалануу" беренелери боюнча кылмыш иши козголуп, 20-ноябрда камакка алынган. Депутатты бошотуу талабы менен кечээ, 21-ноябрда Ош облусунун Алай районунун жергиликтүү тургундары митингге чыгышкан. Митингчилер тарабынан тосулган жол кечки саат 17:15те ачылган. Бишкекте 21-ноябрда Ак үйдүн алдында да депутатты бошотуу талабы менен митинг өткөн.  






 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Талкуу жабык.
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: