super.kg logo
  Спорт  

"Мыкты жигит экен". Акжол Махмудовду талаштуу түрдө жеңген балбан билдирүү жасады

 

Болгариянын Велико-Тырново шаарында өткөн "Dan Kolov - Nikola Petrov" эл аралык турниринин жарым финалында кыргыз балбаны Акжол Махмудовду талаштуу түрдө жеңген болгариялык Айк Мнацаканян билдирүү жасады.

Билдирүүсүндө ал күрөш учурунда эмоциясын башкара албай калганын белгиледи.

"Бул кыйын беттеш болду. Килемге чыккан ар бир балбан күрөш учурунда эмоциясын башкаруу абдан кыйын экенин түшүнөт. Бирок бул жөн эле күрөш болчу. Экөөбүз күрөштөн кийин сүйлөштүк, мыкты жигит, мыкты спортчу экен. Кийинки жолугушууда бардыгына кооз күрөштү көрсөтүүгө аракет кылабыз. Жашоонун бардык тармагында ийгилик каалайм, досум", - деди Мнацаканян.

Болгариядагы турнирде Акжол Махмудов жарым финалга чейин жетип, анда жергиликтүү Айк Мнацаканян аттуу балбан менен кез келген. Күрөш учурунда болгариялык балбан өзүн агрессивдүү көрсөтүп, Акжол Махмудовго карата бир нече ирет эреже бузган. Ал тургай кыргыз калыстары тарабынан ыргытылган челленжди дагы тээп жиберген.

Жыйынтыгында Акжол Махмудов 4:2 эсебинде утулуп, күрөш федерациясы бул боюнча Бириккен күрөш уюмуна даттанган.

Акжол Махмудов Айк Мнацаканян менен алгач былтыр, 2021-жылдын февраль айында Киев шаарында өткөн украиналык көрүнүктүү балбандарды жана машыктыруучуларды эскерүү боюнча эл аралык турнирдин квалификациялык баскычында кез келип, 9:1 эсебинде мөөнөтүнөн мурда жеңген.






 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 4 
Комментарийлер(1)
22.02.2022. 12:18 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Жакшы курошпой коюптур го
1
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: