Октябрь райондук сотунун алдында Келдибековдун тарапташтарынын митинги өтүүдө(фоторепортаж)
Октябрь райондук сотунун алдында Келдибековдун тарапташтарынын митинги уланууда


Октябрь райондук сотунун алдында Келдибековдун тарапташтарынын митинги уланууда

Журналисттер сот залына киргизилген жок

Митингчилердин саны болжол менен 200гө жетти

Октябрь райондук соту, милиция кызматкерлери менен курчалыптыр

Митингчилердин айрымдары колдоруна кызыл жип байлап алышыптыр.

Митингчилердин "Келдибековго боштондук",-деп кыйкырып жатышкан учуру

Митингчилердин "Келдибековго боштондук",-деп кыйкырып жатышкан учуру

ЖКнын депутаты Мыктыбек Абдылдаев

Митинг учурунан бир көз ирмем

Митингчилер сот залына кирүүгө аракет жасап көрүштү, бирок кире алышкан жок.
Жогорку Кеңештин депутаты Ахматбек Келдибековдун тарапташтары Октябрь райондук сотунун алдына митингге чыгышты. Алар "Келдибековго боштондук", "Депутатты камоо - мыйзамсыз" деген жазуулары бар плакаттарды көтөрүп алышкан. Митингчилердин саны болжол менен 200гө жетти. Митинг өтүп жаткан жерде милиция кызматкерлери коомдук тартипти көзөмөлгө алышууда.
Автор: Бекжан Рыскулов
Эске салсак, Башкы прокуратура тарабынан Жогорку Кеңештин депутаты Ахматбек Келдибековго карата Кылмыш жана жаза кодексинин "коррупция" жана "кызмат абалынан кыянаттык менен пайдалануу" беренелери боюнча кылмыш иши козголуп, 20-ноябрда камакка алынган. Депутатты бошотуу талабы менен бүгүн, 22-ноябрда Ош облусунун борбордук аянтында да митинг өтүп жатат.
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.
Рубрикадагы соңку кабарлар
23:41
2025-07-09

Рейтинг:
0

