super.kg logo

"Мас болгону аныкталды". Сокулукта 15 жаштагы өспүрүмдөрдү сүзүп кеткен айдоочу кармалды

 

Чүй облусунун Сокулук районунда 15 жаштагы өспүрүмдөрдү сүзүп, окуя болгон жерден из жашырып кеткен айдоочу аныкталды. Республикалык жол кыймылынын коопсуздугун камсыздоо башкы башкармалыгынан кабарлашкандай, окуя 18-февралда эртең мененки саат 07:20 чамасында катталган.

Анда Сокулук районундагы Фрунзе көчөсүнөн Б.Я. жана Т.К. аттуу өспүрүмдөрдү Тойота-Лендкрузер 100 унаасынын айдоочусу сүзүп, жеринен качып кеткен. 15 жаштагы балдар алган жаракаттарынан улам аймактык ооруканага жеткирилген.

"Ыкчам тергөө иштеринин жүрүшүндө жол тандабастын айдоочусу кармалып, убактылуу кармоочу жайга киргизилди. Бул факты Кылмыштардын бирдиктүү реестрине катталып, медициналык экспертиза дайындалган. Экспертизанын жыйынтыгы айдоочу ошол күнү мас абалда болгонун көрсөттү. Учурда териштирүү амалдары улантылууда", - дешти маалымат кызматынан.






 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Комментарийлер(1)
22.02.2022. 11:01 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Тезирээк сакайып кетсин. Машинасы правый руль бекен? Кээ бироолор левый руль айдасан авария болбойт деп атышат го.
1
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: