super.kg logo
  Спорт  

ФИФА футболдук калыстарга майданда боёк чачуучу баллондорду колдонууга уруксат берди

 

Калыстар футболдук майданда  ышкырык, кызыл жана сары түстөгү айып кагаздарынан башка дагы бир “курал” колдонууга өтүшү мүмкүн. Бул - боёк чачыратуучу баллон. Бул тууралуу ФИФАнын расмий сайты кечээ, 21-ноябрда кабарлады. 

Маалыматка ылайык, ФИФА "боёк чачыратуучу баллондорду ушул жылдын декабрь айында Мароккодо өтүүчү клубдар аралык Дүйнө чемпиондугунда калыстар колдоно берсе болот" дейт.

Калыстар баллондордун жардамы менен айып соккуларын аткарылуучу чекитти жана сокку аткарылар алдында оюнчулар турчу чекитти так белгилеп берет.

Бул ыкманы ФИФА быйыл 17 жана 20 жашка чейинки футболчулар арасындагы Дүйнө чемпиондуктарында текшерип көрүштү. Текшерүү ийгиликтүү чыкканы маалымдалды.

Эске салсак, боёк менен топ жана оюнчулар турчу чекитти белгилөө Түштүк Америкада көп убакыттан бери колдонулуп келет. ФИФА бул ыкманы эми гана колдонууну туура көрүп жатат. 






 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 4 
Комментарийлер(2)
22.11.2013. 14:49 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Эн жакшы болот эч кандай зыяны жок.
22.11.2013. 17:03 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+1
Сонку кабарлардын арасындада ушундай спорт футбол жонундода окуп туралычы меени сергитип ато камады чыкты тосту деген эле кабар
1
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: