super.kg logo

Чүйдө аккумулятор уурдоого шектелип кармалган жарандын дагы 10 кылмышка катыштыгы бар экени такталды

 

Чүйдүн Аламүдүн районунда аккумулятор уурдоого шектелип, 27 жаштагы жаран колго түшүрүлдү. Ал оор жүк ташуучу унаанын эки аккумуляторун уурдоого шектелүүдө дешет облустук ички иштер башкы башкармалыгынан.

Маалым болгондой, 21-февралда Аламүдүн РИИБине 52 жаштагы жаран арыз менен кайрылган. Ал 18-февралга караган түнү MAN унаасынын 2 даана аккумуляторун белгисиз бирөө уурдап кеткенин билдирген.

Бул факты Кылмыштардын бирдиктүү реестрине 205-берене (уурдоо) менен катталып, сотко чейинки өндүрүш иштери башталган.

"Жүргүзүлгөн ыкчам издөө иш-чараларынын натыйжасында жогорудагы кылмышка шектелип 1995-жылы туулган К.К. аттуу жаран кармалып, убактылуу кармоочу жайга камакка алынды. Териштирүү учурунда шектүүнүн Аламүдүн районунун аймагында дагы ушул сыяктуу 10 кылмыш фактысына тиешеси бар экендиги аныкталды. Учурда шектүүнүн дагы башка кылмыштарга тиешеси бар же жок экендигин тактоо боюнча тергөө иштери жүргүзүлүүдө", - дешти мекемеден.






 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Комментарийлер(0)
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: