Ош. Облустун бардык райондорунда Келдибековду коргоо комитетин түзүү маселеси каралууда
Ош облусунун борбордук аянтында бүгүн, 22-ноябрда Ахматбек Келдибековду бошотуу талабы менен митинг өтүүдө. Митингдин катышуучулары облустарда Келдибековду коргоо комитеттерин түзүү демилгесин көтөрүп чыгышты. Азыркы тапта комитеттин жетекчилери тандалууда. Бул тууралуу аймактык кабарчыбыз Элира Чынтемир кызы маалымдады.
Эске салсак, Башкы прокуратура тарабынан Жогорку Кеңештин депутаты Ахматбек Келдибековго карата Кылмыш жана жаза кодексинин "коррупция" жана "кызмат абалынан кыянаттык менен пайдалануу" беренелери боюнча кылмыш иши козголуп, 20-ноябрда камакка алынган.
Депутатты бошотуу талабы менен бүгүн, 22-ноябрда Бишкек шаарындагы Октябрь райондук сотунун алдына Ахматбек Келдибековдун тарапташтары митингге чыгышты.
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.
Рубрикадагы соңку кабарлар
23:19
2025-07-08
19:51
2025-07-07

Рейтинг:
0

