Чүйдө изделип жаткан 16 жаштагы Нагия Имашова аман-эсен табылды
Чүй облусунун Сокулук районунда дайынсыз болуп изделип жаткан 16 жаштагы Нагия Имашова аман-эсен табылды. Облустук ички иштер башкы башкармалыгынан кабарлашкандай, өспүрүм ата-энесине өткөрүлүп берилди.
Маалым болгондой, 16 жаштагы Нагия Имашова Алексеевка айылынан табылды. Ага профилактикалык түшүндүрүү иштери жүргүзүлүп, жакындарына өткөрүлүп берилди.
Белгилей кетсек, Нагия Имашова Арал айылында жашайт. Ал 21-февралда саат 16:00 чамасында мектептен чыккан боюнча кайда жүргөнү белгисиз болуп жаткан.
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.
Рубрикадагы соңку кабарлар
Рейтинг:
2
2
Комментарийлер(0)
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.

Супер-Инфо
super.kg видео
















