Тенгиз Бөлтүрүк "Кумтөрдүн" убактылуу тышкы башкаруучусу кызматынан бошотулганы айтылууда
Тенгиз Бөлтүрүк "Кумтөрдүн" убактылуу тышкы башкаруучусу кызматынан бошотулганын жергиликтүү басылмалар жазып чыгышты.
SUPER.KG порталы министрлер кабинетинин басма сөз кызматкерлерине жана президенттин маалыматтык саясат кызматынын жетекчиси Алтынбек Жумаевге байланышканда бул тууралуу маалымат жок экенин айтышты.
Басылмалар министрлер кабинетинин төрагасы Акылбек Жапаров Тенгиз Бөлтүрүктү “Кумтөр Голд Компани” жабык акционердик коомунун убактылуу тышкы башкаруучусу кызматынан өзү жазган арыздын негизинде бошотту деп жазышууда.
Тенгиз Бөлтүрүк "Улуу көчмөндөр мурасы" улуттук холдингине жетекчи болуп дайындалганы белгилүү болгон.
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.
Рубрикадагы соңку кабарлар
19:52
2025-06-26
13:13
2025-06-26

Рейтинг:
2

