"Манас" аэропортуна жакын жерде унаанын салонунан эркек кишинин жансыз денеси табылды
"Манас" эл аралык аэропортуна жакын жерде унаанын салонунан эркек кишинин жансыз денеси табылды. Бул тууралуу Чүй ОИИББинин басма сөз кызматынан билдиришти.
22-февралда милицияга “Манас” аэропортуна жакын жердеги унаанын салонунан эркек кишинин жансыз денеси табылганы тууралуу маалымат түшкөн. Милиция кызматкерлери 1982-жылы туулган А.С.нын жансыз денесин табышкан. Текшерүү учурунда эч кандай жаракат табылган жок.
Бул факты Кылмыштардын жана жоруктардын бирдиктүү реестрине катталды. Учурда тиешелүү экспертизалар дайындалды.
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.
Рубрикадагы соңку кабарлар
10:35
2025-06-28

17:50
2025-06-27
Рейтинг:
-1

Комментарийлер(0)
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.