УКМК: "Салмак-габариттик көзөмөл пунктунун инспекторлору айдоочулардан акча талап кылганга шектелип кармалды"



Транспорт жана коммуникациялар министрлигинин Салмак-габариттик көзөмөл пунктунун инспекторлору оор жүк ташуучу унаалардын айдоочуларынан системалуу түрдө акча талап кылганга шектелип кармалды. Бул тууралуу УКМКнын басма сөз кызматынан билдиришти.
Маалыматка ылайык, 22-февралда Транспорт жана коммуникациялар министрлигинин салмак-габариттик көзөмөл бөлүмүнүн инспекторлору С.У. жана К.Ж. пара алып жаткан жеринен кармалды.
Азыркы учурда толук, ар тараптуу жана объективдүү тергөөгө багытталган ыкчам иликтөө иш-чаралары жүргүзүлүп жатат. Жыйынтыгында кармалгандар УКМКнын тергөө камак жайынын убактылуу кармоочу жайына киргизилет.
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.
Рубрикадагы соңку кабарлар
10:35
2025-06-28

17:50
2025-06-27
Рейтинг:
0

Комментарийлер(0)
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.