super.kg logo

Кытай Украина менен Орусиянын ортосундагы кырдаалга реакция кылды

 

Кытай Украинадагы кырдаалдын курчушуна тынчсызданып жатат. Бул тууралуу Кытайдын тышкы иштер министри Ван И билдирүү жасаганын чет элдик басылмалар жазышты.

Кытайдын мамлекеттик кеңешчиси болгон Ван И АКШнын мамлекеттик катчысы Энтони Блинкен менен телефон аркылуу сүйлөшүүсүндө бардык тараптарды сабырдуулукка жана пикир келишпестиктерди диалог аркылуу чечүүгө чакырганын айткан.

"Украина маселеси боюнча Кытай тараптын позициясы ырааттуу, ар бир өлкөнүн мыйзамдуу коопсуздук кооптонуусу сакталып, БУУнун уставынын негизги максаттары жана принциптери корголушу керек", - деген Ван И.

Ал Пекин Украинадагы кырдаалдын өнүгүшүнө кылдат көз салып турганын жана бардык тараптар менен байланышты уланта берерин кошумчалаган.

Буга чейин Орусиянын президенти Владимир Путин Коопсуздук кеңешинин жыйынында Донецк жана Луганск элдик республикаларын таануу жарлыгына кол койгон. Буга удаа эле Украинанын президенти Володимир Зеленский украин элине видеокайрылуу жасады.






 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Комментарийлер(0)
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: