super.kg logo

Володимир Зеленський запастагы жоокерлерди чакыруу жөнүндө жарлыкка кол койду

 

Украинанын президенти Володимир Зеленський Орусия тараптан келген аскерий коркунучтун күчөшүнө байланыштуу запастагы аскерлерди чакыруу боюнча жарлыкка кол койду. Бул тууралуу "Украинская правда" басылмасы жазды.

Ошол эле учурда Украинанын президенти жалпы мобилизация жарыялоонун зарылдыгы жок экендигин билдирген.

"Мен атайын мөөнөттө запастагы жоокерлерди чакыруу боюнча жарлыкка кол койдум. Сөз оперативдүү запаска дайындалган жарандар жөнүндө гана болуп жатканын баса белгилейм. Биз украин армиясынын оперативдүү кырдаалдагы бардык мүмкүн болгон өзгөрүүлөргө даярдыгын жогорулатышыбыз керек", - деген Зеленський видеокайрылуусунда.

Ал ошондой эле бардык аскер кызматкерлери үчүн кошумча окуу жыйындарын өткөрүү боюнча жарлыкка кол койгонун айтты.

Буга чейин Орусиянын президенти Владимир Путин Коопсуздук кеңешинин жыйынында Донецк жана Луганск элдик республикаларын таануу жарлыгына кол койгон. Буга удаа эле Украинанын президенти Володимир Зеленський украин элине видеокайрылуу жасады. Өз кезегинде көптөгөн өлкөлөр Украина менен Орусияны сабырдуулукка чакырууда.






 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 1 
Комментарийлер(6)
23.02.2022. 09:39 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+6
Путин турганда дуйнодо тынчтык болбойт. Украинаны талкалап бутмой болду, бироонун жерлерине коз артканды токтотподу.
23.02.2022. 10:56 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+5
Атын Володимир деп Украинче жазып,фамилиясын орусча жазганынар кандай бул?
23.02.2022. 13:49 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+3
Foxes_CH, кошулам, анда анын аялын да Олена деп жазыш керек Елена дебей.
23.02.2022. 12:07 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
-4
Тиги 18 ден 43 жашке чейин эркектер коп жерде согуштар болуб турат ...
23.02.2022. 13:48 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
-2
SHahabidin-jabborov,Ооба аялдар тынч. жакшы коросунор.
23.02.2022. 23:28 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Баары бир россияга кучунор жетпейт россия деген держава. Озу капырлар бирин бирин кырып салсада не жалка
1
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: