super.kg logo
  Саясат  

Тазабек Икрамов Чүйдө окуучуну урушкан деп иштен кеткен мугалимди кайра жумуш ордуна кайтаруу сунушун айтты

 

Чүйдүн Лебединовка айылындагы мектепте окуучу менен болгон чырдын айынан жумуштан кеткен мугалимди кайра ордуна кайтаруу боюнча ата-энелер тарабынан сунуш түшүп жатат. Бул тууралуу Жогорку Кеңештин депутаты Тазабек Икрамов парламент жыйынында айтты.

"№1 Лебединовка мектеп-лицейинде тарых мугалими кайра жумуш ордуна кайтаруу боюнча 24 ата-эне кол коюп, сунуштарын берип жатат. Мындан тышкары мектепти көзөмөлдөп, текшерүү боюнча сунушун коомдук активисттер дагы колдоп жатышат.

Мугалимдерди сыйлабаган коом эч качан өнүкпөйт. Мындан улам аталган мугалимди жумуш ордуна кайра алып келүүнү коомчулук талап кылып жатат, мен дагы протокол катары тапшырма берет элем", - деди депутат.

Маалымат үчүн:

Белгилей кетсек, 21-январда Лебединовкадагы мектептин тарых мугалими менен 8-класстын окуучусунун ортосунда чатак болгон. Андан кийин Аламүдүн райондук мамлекеттик администрациясынын башчысынын орун басары, Аламүдүн райондук билим берүү бөлүмүнүн башчысы жана кызматкерлердин катышуусунда жыйын болгон. Жыйындан кийин тарых мугалими өз каалоосу менен жумуштан кетүү боюнча арыз жазып, иштен кеткен.

Ошондой эле мектептеги тарых мугалими менен окуучунун ортосунда чыр чыгып, анын кесепетинен эжей иштен кеткени айтылган.






 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 2 
Талкуу жабык.
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: