super.kg logo
  Саясат  

Нуржигит Кадырбеков айыл өкмөттөрдүн ишин баалаганда бак отургузуу критерийин киргизүүнү сунуштады

 

Жогорку Кеңештин жыйынында депутат Нуржигит Кадырбеков "Жашыл Кыргызстан" демилгесин көтөрдү.

Эл өкүлүнүн айтымында, демилгенин алкагында жаз мезгилинде сапаттуу көчөттөрдү отургузуп калуу зарыл.

"Жакшыдан бак калат, жамандан жүрөккө дат калат" деген жакшы сөз бар эмеспи. Көп өлкөлөр жолдорун, оюн-зоок аянтчаларын бузуп атайын бак тигип жатат. Быйыл "Жашыл Кыргызстан" деген демиге көтөрөлү. Анын алкагында бак-дарак отургузалы.

Монголия бир жылда 1 миллиард дарак отургузабыз деген план койду. Быйыл айыл өкмөт, акимдин ишин баалаган учурда канча бак отургузду деген критерий киргизели", - деп билдирди Кадырбеков.

Ошондой эле депутат бул демилгени ишке ашыруу үчүн сапаттуу көчөттөрдү алып келүү зарылдыгын, ага бюджеттен каражат бөлүү керектигин кошумчалады.






 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Талкуу жабык.
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: