super.kg logo
  Саясат  

Акылбек Жапаров жумушчу сапары менен Казакстанга кетти

 

Министрлер кабинетинин төрагасы Акылбек Жапаров жумушчу сапары менен Казакстанга жөнөп кетти. Бул тууралуу министрлер кабинетинин басма сөз кызматынан билдиришти.

Сапардын жүрүшүндө министрлер кабинетинин башчысы 24-25-февралда Нур-Султан шаарында өтүүчү Евразиялык өкмөттөр аралык кеңешинин кезектеги жыйынына катышат, ошондой эле бир катар эки тараптуу жолугушууларды өткөрөт.

Белгилесек, ушул жылы Кыргыз Республикасы Жогорку Евразиялык экономикалык кеңешке, Евразиялык өкмөттөр аралык кеңешке жана Евразиялык экономикалык комиссиянын кеңешине төрагалык кылат.

Евразиялык өкмөттөр аралык кеңешинин жыйыны алкагында Евразиялык экономкалык биримдик өлкөлөрүндөгү макроэкономикалык абал, интеграциялык бирикменин бажы аймагына ташылып келинген товарларга байкоо жүргүзүү механизми жөнүндө макулдашууну жана жүктөрдү көзөмөлдөө үчүн ЕАЭБде навигациялык пломбаларды колдонуу жөнүндө макулдашууну ишке ашыруунун жүрүшү каралат.

Ошондой эле 2022-2023-жылдарга Биримдик өлкөлөрүндө жарандык авиакурулуш жаатындагы өнөр жай кызматташтыгын кеңейтүү боюнча жол картасы талкууланат, ЕАЭБ интеграцияланган маалыматтык тутумунун учурдагы абалы жана аны өнүктүрүү келечеги, ошондой эле ЕАЭБдеги өнөр жайдын инструменттерин баалоо жана мамлекттик колдоо көрсөтүү деңгээли тууралуу баяндама угулат.

Мындан тышкары, жыйында "Евразиялык агроэкспресс" тездетилген контейнердик темир жол рельси жана айыл чарба продукциясын мультимодалдык ташууну ишке ашыруу боюнча мүчө мамлекеттердин биргелешкен долбоору жана башка бир катар маселелер каралмакчы.






 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Талкуу жабык.
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: