Фредерик Кануте карьерасын жыйынтыктады

Мали курама командасында жана европалык клубдарда ойноп атактуулукка жетишкен чабуулчу Фредерик Кануте карьерасын жыйынтыктады. Бул тууралуу испаниялык басылмалар маалымдады.
Маалыматка ылайык, Канутенин клубдук карьерасындагы акыркы клуб кытайлык “Бейцзинь” болду.
Эске салсак, Кануте ар кайсы жылдарда франциялык “Лион”, англиялык “Вест Хэм”, “Тоттенхэм” жана испаниялык “Севилья” клубдарында ойногон. Испаниялык клубдун курамында УЕФАнын Евролигасын, УЕФАнын Суперкубогун жана бир катар мелдештерди уткан.
2007-жылы ал “Африка континентинин мыкты футболчусу” болуп табылган. Мали курама командасы үчүн 39 оюн өткөрүп, 23 ирет айырмаланган.
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.
Рубрикадагы соңку кабарлар
Рейтинг:
1

Комментарийлер(1)
Kozer

22.11.2013. 18:25
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Ооо кыйынм спортчу футбалист болгон экен таазим.
1 |
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.