super.kg logo
  Саясат  

Искендер Матраимов КМШ ПААнын Көзөмөлдүк-бюджеттик комиссиясынын төрагасы болуп шайланды

 
Бүгүн, 24-февралда Орусиянын Санкт-Петербург шаарында – Күнкорсуз мамлекеттер шериктештигинин Парламент-аралык асссамблеясынын (ПАА) баш ордосунда – КМШ ПААсынын бюджет-көзөмөл комиссиясынын жыйыны болуп өттү.

Жыйынга Азербайжан, Армения, Беларусь, Казакстан, Кыргыз өлкөсү, Молдова, Орусия жана Тажикстандын парламент өкүлдөрү менен кошо КМШ ПАА кеңешинин жооптуу кызматкерлери катышты.

Жыйындын катышуучулары Парламенттер аралык ассамблеянын ишмердүүлүгүн учурдагы каржылоо маселелерин, анын бюджетинин аткарылышын талкуулашты. 2021-жылы жана 2022-жылдын биринчи кварталында КМШ ПААга мүчө мамлекеттерден үлүштүк төгүмдөрдүн түшүүсү, ошондой эле 2023-жылы КМШ ПААнын ишин каржылоого үлүштүк катышуунун өлчөмү жөнүндө маалымат каралды.

Парламент аралык ассамблеянын туруктуу комиссиялары жөнүндө жобого ылайык, комиссиянын төрагасын жана төраганын орун басарларын шайлоо өттү. Комиссиянын жакынкы үч жылдагы ишин Жогорку Кеңештин Укук тартиби, кылмыштуулук менен күрөшүү жана коррупцияга каршы аракеттенүү боюнча комитетинин төрагасынын орун басары Искендер Матраимов жетектейт.

Беларустун Улуттук жыйынынын Эл өкүлдөр палатасынын эл аралык маселелер боюнча туруктуу комиссиясынын мүчөсү Валентина Назаренко жана Орусиянын Федерация кеңешинин бюджет жана каржы рыноктор боюнча комитетинин төрагасынын орун басары Елена Перминова Матраимовдун эки орун басары болуп шайланды.

Парламент аралык ассамблеянын 2022-жылга түзүлгөн иш планы такталды жана жактырылды. Андан тышкары бюджет-көзөмөл комиссиясынын 2021-жылдагы ишмердигинин жыйынтыгы чыгарылып, КМШ ПААсынын каржы маселелери менен байланышкан КМШ ПААсынын кеңешинин чечимдеринин долбоорлору талкууланды.





 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг -2 
Талкуу жабык.
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: