super.kg logo
  Саясат  

Акылбек Жапаров Орусиянын премьер-министри Михаил Мишустин менен жолугушту

 

Нур-Султан шаарында Евразия өкмөттөр аралык кеңешинин жыйынынын алкагында министрлер кабинетинин төрагасы Акылбек Жапаров Орусиянын премьер-министри Михаил Мишустин менен жолугушту. Бул тууралуу министрлер кабинетинин басма сөз кызматы кабарлады.

Жолугушуунун жүрүшүндө Акылбек Жапаров Кыргыз жарандарынын Орусиянын аймагында жүрүүсү боюнча маселени көтөргөн.

Өз кезегинде Михаил Мишустин Орусия менен Кыргыз өлкөсүнүн көп кылымдык достугуна негизделген стратегиялык мамилелерди баалай турганын баса белгилеген.

"Эки тараптуу соода-экономикалык жана инвестициялык кызматташтык динамикалуу өнүгүп жатат. Ошентип өткөн жылы эки мамлекеттин ортосундагы товар жүгүртүү 47 пайызга өсүп, 2,5 миллиард долларга жакындады. Гуманитардык тармактагы кызматташтык кеңейүүдө", - деген ал.

Михаил Мишустин белгилегендей, эки өлкөнүн ортосунда өнөр жай, машина куруу, радиоэлектроника, санариптик экономика, жашыл энергетика жана транспорт тармагында биргелешкен долбоорлорду ишке ашыруу перспективалары бар.






 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Талкуу жабык.
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: