super.kg logo

Орусиялык миллиардер Роман Абрамовичке Улуу Британияда жашоого тыюу салынды

 

Орусиялык миллиардер, лондондук "Челси" футбол клубунун ээси Роман Абрамовичке Улуу Британияга кирүүгө тыюу салынды. Бул тууралуу чет элдик басылмалар жазышты.

Маалыматка ылайык, Абрамович бир нече айдан бери Челсинин кеңсесинде көрүнө элек. Британ маалымат каражаттары Улуу Британиянын иммиграция кызматкерлерине миллиардердин өлкөдө отурукташуусуна жол бербөө тапшырмасы берилгенин ырасташууда.

The Sun басылмасы жогорку даражалуу коопсуздук булактарына таянуу менен 55 жаштагы олигархка Улуу Британияда кайрадан жашоого уруксат берилбей тургандыгын билдирди.

Өз кезегинде Улуу Британиянын тышкы иштер министри Лиз Трасс Абрамовичке санкциялар киргизилгенин тактап дагы, жокко дагы чыгарган эмес.

Роман Абрамович - орусиялык, израилдик жана португалиялык ишкер, миллиардер. 2003-жылы жайында Абрамович кризис болуп, талкалануу алдында турган англиялык "Челси" футбол клубун сатып алган. Forbes журналынын маалыматы боюнча, 2021-жылы Абрамовичтин байлыгы 14 миллиард 500 миллион долларды түзгөн. Орусиянын эң бай ишкерлеринин рейтингинде ал 12-орунда. 2019-жылдагы Улуу Британиядагы эң бай адамдардын ичинде 9-орунга жайгашкан.






 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Комментарийлер(0)
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: