super.kg logo
  Саясат  

"Атажурт" фракциясы: "Коррупция менен күрөшүү бир тараптуу жүрүп жатат"

 
Бүгүн, 22-ноябрда Октябрь райондук соту депутат Ахматбек Келдибековдун ишин 2 айга жылдырды. "Ата Журт" фракциясынын депутаты Жылдыз Жолдошова коррупция менен күрөшүү бир тараптуу жүрүп жаткандыгын айтып: "Коррупция менен күрөшүүдө "Ата Журт" партиясына тийишип алышты. "Кумтөр", "Кыргызгаз" боюнча бир топ маселелерди биздин балдар көтөрүп чыгышты эле. Камчыбек Ташиев, Садыр Жапаров, Ахматбек Келдибеков сыяктуу элдин уулдарын камоо туура эмес",- деди. 
Мындан сырткары президент Алмазбек Атамбаев менен премьер-министр Жантөрө Сатыбалдиев башка өлкөдө болгондо депутаттардын кармалып жаткандыгына таң калганын жашырган жок. "Бардык нерсе мыйзам чегинде болушу керек. Келдибеков татыктуу өлкө башчысы болот. Керек болсо Сталин, Ленин да түрмөдө отуруп чыккан",- деп кошумчалады депутат айым.
"Ата Журт" фракциясынын депутаттары Ахматбек Келдибековдун иши жана соттун чечими тууралуу талкуулашарын билдиришти. 
Эске салсак, Башкы прокуратура тарабынан Жогорку Кеңештин депутаты Ахматбек Келдибековго карата Кылмыш жана жаза кодексинин "коррупция" жана "кызмат абалынан кыянаттык менен пайдалануу" беренелери боюнча кылмыш иши козголуп, 20-ноябрда камакка алынган. 
Азыркы тапта Ош шаарынын борбордук аянтында митинг өтүүдө.





 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Талкуу жабык.
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: