super.kg logo

25-февраль: Орус аскерлери Киевге кирип барды (хронология)

 

Бүгүн, 25-февраль эртең мененкиге карата Орусия менен Украинанын ортосундагы кырдаал тынч эмес. Буга байланыштуу Украинанын президенти Володимир Зеленский өлкө боюнча жалпы мобилизация жарыялады.


Башынан / Аягынан Маанилүү

2022-02-25 16:21

Италиянын премьер-министри Марио Драги Зеленский аны менен телефон аркылуу сүйлөшүү пландалганына карабай байланышка чыкпай калганын айтты.

2022-02-25 16:09

Украинанын Ички иштер министрлиги Жогорку Раданын депутаттарына курал-жарак таратты.

2022-02-25 15:41

Чемпиондор Лигасынын финалы Санкт-Петербург шаарынан Париж шаарына жылдырылды.

2022-02-25 15:25

Associated Press агенттиги Киевдин өкмөттүк кварталында ок атышуулар угулуп жатканын кабарлады. Шаарда аба коркунучу жарыяланды.

2022-02-25 15:17

Киевде аба чабуулунун сиреналары жаңырды.

2022-02-25 14:51

Талибдер Украинадагы жаңжалды тынчтык жолу менен чечүүгө чакырышууда.

2022-02-25 14:00

Орусиянын аскерлери Киевдин түндүгүндөгү Оболонь аймагына кирди. Бул тууралуу Украинанын Коргоо министрлиги кабарлады.

2022-02-25 13:56

Зеленский Борбордук жана Чыгыш Европа өлкөлөрүн согушка каршы коалиция түзүүгө жана биргелешип Орусияны тынчтыкка мажбурлоого чакырды. Сунушталган чаралардын тизмесинде Орусияга экономикалык кысым көрсөтүү жана Украинага аскердик жардам көрсөтүү бар.

2022-02-25 13:04

Херсон шаарында сигнализациялык сирена жаңырууда. Шаар бийлиги карапайым калкты бомбадан баш калкалоочу жайларга жашынууга чакырды.

2022-02-25 12:50

Украина Атомдук энергия боюнча эл аралык агенттикке Чернобыль атомдук электр станциясынын аймагындагы объектилерди көзөмөлдөөнү жоготкондугун билдирди.

2022-02-25 12:00

Украинанын Ички иштер министрлиги: "Конотоп шаары орус аскерлеринин курчоосунда. Сумы шаарында көчө салгылашуулары уланып жатат".

2022-02-25 11:52

Украианын ички иштер министринин орун басары Антон Геращенко твиттердеги баракчасына Орусиянын аскер кызматкерлери Киевге танк чабуулун баштап жатканын жазды.

2022-02-25 11:42

Түркиянын Тышкы иштер министрлиги Киев расмий түрдө Анкарага Орусиянын аскердик кемелеринин Босфор жана Дарданелл кысыктары аркылуу өтүшүнө жол бербешин суранганын ырастады.

2022-02-25 11:34

Украинанын президенти Володимир Зеленский Орусия менен Украинанын ортосунда согушту токтотуу боюнча диалог эртеби-кечпи башталаарын айтты.

 
2022-02-25 11:22

Киевди көздөй жылып келе жаткан Орус танктарын украиналык күчтөр көпрөнү бусуп, токтотуп турууга аргасыз болушту. Учурда бул аймакта салгылашуу уланууда.

2022-02-25 11:10

Киевде кайрадан абадан коргонуунун сиреналары жаңырууда.

2022-02-25 10:39

Орус танктары Киевди көздөй жылып бара жатат. Бирок Иванков шаарчасынын жанында аларды украиналык күчтөр тосуп, салгылашуу уланууда. Бул тууралуу Украинанын Куралдуу күчтөрүнүн Башкы штабындагы өздүк булактарга таянуу менен "Украинская правда" басылмасы жазды.

2022-02-25 10:36

Украинанын Улуттук банкы орус жана белорус валютасы менен валюталык операцияларды жүргүзүүгө тыюу салды.

2022-02-25 10:24

CNN телеканалы АКШ президентинин администрациясындагы булакка таянуу менен орус аскерлери Киевден 32 чакырым алыстыкта ​​жайгашканын билдирди. Учурда бул аймакта кагылышуу уланууда.

2022-02-25 10:08

Киевде согуштук коркунучтардан улам курал-жарак таратылууда.

2022-02-25 09:49

Бүгүн Бишкек убактысы боюнча саат 20:00дө НАТО Украинадагы кырдаал боюнча чукул саммитке чогулат.

2022-02-25 09:36

Орусиянын "Калибр" канаттуу ракетасы атып түшүрүлдү. Бул тууралуу Украинанын ички иштер министринин орун басары Антон Геращенко брифингде билдирди.

2022-02-25 09:31

Киевдеги жардыруудан кеминде 3 адам жабыркаганын, алардын биринин абалы оор экенин Киевдин мэри Виталий Кличко билдирди.

2022-02-25 09:28

Украинанын Песочин, Одесса, Киев шаарларында сиреналардын үнү жаңырып, аба эскертүүсү жарыяланды!


кошулду
 
 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.
Рейтинг: Рейтинг -1 
Комментарийлер(10)
25.02.2022. 12:51 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Зелен кайта баштаганбы
25.02.2022. 12:56 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+1
Бул согуш Украинанын Америка тарап болгон бийлигин кулатып башка нейтралдуу же орус тарап болгон бийлик келбейинче токтобойт.
25.02.2022. 16:00 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Бугун эртен Киевди алып жаны бийлик орнойт экен да
25.02.2022. 17:12 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+6
Ошондо орустар ахуели
25.02.2022. 17:21 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Баары бир Путин максатына жетпейт. Анткени бул согуш боордош украин элин басып алууга жатат. Бул согуштун арты менен миндеп жоокерлер жана жай тургундар олот. Мына ушунун баары тарыхта кара так менен калат. Муну украин эли кечирбейт. Путин Зеленский башында турган бийликти кулатып, ооусчул бир марионетканы Украинанын башына алып келген кундо да, арадан 5 жыл отобу, 15 жыл отобу, баары бир Украина башына Россиянын бугунку кандуу кыргынын эскерте турган бири келет.
25.02.2022. 22:18 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
-3
Antiradikal10,сенин деле мээн жок экен.
25.02.2022. 23:56 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
bond0202, наоборот Камчы менен Садырдын сендей даканса жугундукорлорунда мээ да жок, намыс да жок.
26.02.2022. 06:58 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
-3
Antiradikal10,эй кок мээ.украинаны колдоп митингке чыккандардын арасында сен да болсон керек жазганына караганда.
25.02.2022. 17:25 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+1
Путин мээси болсо, Зеленский бугун озу жалынып суйлошолу деп жатканда, суйлошуу жургузуу керек болчу. Зеленский айла жоктон Путин буга чейин койгон шарттарга, т.а. Крымды Оруссияныкы деп таануу, Донбастагы 2 олко эгемендигин таануу шарттарына айла жоктон макул болмок.

Путин Киевди басып алып ляппай деген оз адамын Украина башына койгон кундо да, бул убактылуу корунуш.

Путин озу да вечно бийликте болбойт. Так что Украина баары бир Батышка ыктайт жакынкы келечекте.
26.02.2022. 01:50 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
-2
Antiradikal10,Көзүң ачыкбы?Вангадай эле айтып жатасын го.Мээң менен жерге кир!
1
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: