super.kg logo
  Саясат  

Ош. Соттун чечимине нааразы болгон эл эртең Алайда митингди улантышат

 

Ош облусунун борбордук аянтында бүгүн, 22-ноябрда Ахматбек Келдибековду бошотуу талабы менен митинг болуп өттү. Митингдин катышуучулары Келдибековду УКМКнын СИЗОсунда 2 ай камоо чечимин уккандан кийин Алай районунун Гүлчө айылында митингди улантышарын айтышууда. Учурда митингчилер борбордук аянттан тарап кете башташты.  Бул тууралуу аймактык кабарчыбыз Элира Чынтемир кызы маалымдады. 

Эске салсак, Башкы прокуратура тарабынан Жогорку Кеңештин депутаты Ахматбек Келдибековго карата Кылмыш жана жаза кодексинин "коррупция" жана "кызмат абалынан кыянаттык менен пайдалануу" беренелери боюнча кылмыш иши козголуп, 20-ноябрда камакка алынган. 

Бүгүн, 22-ноябрда Бишкек шаарындагы Октябрь райондук сотунун алдына Ахматбек Келдибековдун тарапташтары митингге чыгышты. Сот депутатты 19-январга чейин тергөө абагында кармоо чечимин чыгарды.





 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Талкуу жабык.
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: