super.kg logo
  Саясат  

Эльвира Сурабалдиева №4: "Биргеликте гана биз Кыргызстаныбызды гүлдөп, өнүккөн өлкөгө айландыра алабыз"

 

Урматтуу Бишкек шаарынын тургундары!

27-февралда Биринчи Май шайлоо округу боюнча Жогорку Кеңештин депутаттыгына шайлоо өтөт. Анын жыйынтыгы шаар үчүн, өлкө үчүн жана ар бир жаран үчүн өтө маанилүү. Өлкөбүз өнүгүү жолуна түшөбү же дагы деле жакшы жашоону куру үмүт менен күтүү уланабы – бул сиздин добушуңуздан көз каранды.

Эң маанилүүсү - сиз тандаган депутат башкалардын пикирине баш ийип, демөөрчүлөрүнүн айтканын аткарабы же парламентте элдин таламын талашып, акыйкаттык үчүн күрөшүп, тартипти талап кылабы?

Ойлонуңуз!

Депутаттыкка талапкер катары аттанып чыгуума себепкер болгон менин элим болду. Менин эң негизги колдоочум, тирөөчүм – ЭЛИМ бар!

Шаардын тургундары, шайлоочуларым менен болгон ондогон жолугушуулардан кийин буга толук көзүм жетти. Каалооңуздарга, бата-тилегиңиздерге жана конструктивдүү сунуштарыңыздарга ыраазычылык билдирем!

Сиздердин сунуштарыңыздардын көпчүлүгү менин программамдын негизин түзүп, ал чынында Элдик болуп калды. Анын ар бир пункту Кыргызстандын жаркын келечегине багытталып, мекендештерибиздин жашоо-турмушунун престиждүү, коопсуз болушуна багытталган.

Сиз менен биргеликте түзгөн программада саламаттыкты сактоо, билим берүү, маданият, коопсуздук, маяна, жөлөк пулдарды жана пенсияны жакшыртууга багытталган негизги иш-аракеттер камтылып, аларды чечүүнүн реалдуу ыкмалары сунушталган. Чынында, бул жакынкы жылдар ичиндеги менин парламенттеги аракеттеримдин планы. Сиздер менен жолугушуу – менин бул иш-аракеттеримди дайыма толуктоодо.

Мен парламентте өлкө келечегине кайдыгер эмес эл өкүлдөрү менен биргеликте өз программамды ишке ашырууга аракет кылып, шайлоо округунун аймагындагы көйгөйлөрдү өз убагында чечип, өлкөнүн ар бир жаранынын жаш курагына, диний ишенимине жана саясий көз карашына карабастан алардын татыктуу жашоосу үчүн адилеттүүлүк менен күрөш жүргүзүүгө кепилдик берем.

Ар бириңиздерди 27-февралда өз шайлоо участогуңуздарга барып, туура тандоо жасап, мени колдоп берүүңүздөрдү суранам.

Биргеликте гана биз Кыргызстаныбызды гүлдөп, өнүккөн өлкөгө айландыра алабыз.

КРнын Жогорку Кеңешине талапкер Сурабалдиева Эльвира Жыргалбековнанын буюртмасы боюнча «Super.kg порталы» тарабынан 2022-жылдын 25-февралында чыгарылды, дареги: Бишкек шаары, Турусбеков 109/1 Талапкердин шайлоо фондунан каржы маселеси боюнча ыйгарым укуктуу өкүлү Кулжанова Д.К. тарабынан төлөндү.







 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг -1 
Талкуу жабык.
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: