Токон Мамытов улуттар азчылыгы иштери боюнча ЕККУнун жогорку комиссары Адрид Торс менен жолугушту
Кыргыз
Республикасынын Вице-премьер-министри Токон Мамытов 22-ноябрда улуттар азчылыгы иштери боюнча Европа
коопсуздук жана кызматташтык уюмунун жогорку
комиссары Адрид Торс менен жолугушту. Бул тууралуу өкмөттүн басма сөз кызматы билдирди.
Автор: Айпери Ганыжан кызы
Тараптар өлкөдөгү улуттар аралык
мамилелердин бекемделиши үчүн багытталган документтердин ишке ашуусун
талкуулашты. Токон Мамытов Кыргызстандын
2013-2017-жылдарга карата туруктуу өнүгүү Улуттук стратегиясында улуттар аралык
мамилелерди жөнгө салуу маселесине көңүл бурулгандыгын белгиледи.
«Улуттар
аралык мамиле жана элдердин биримдиги тууралуу Концепциясы кабыл алынды. Анын максаты –
Кыргызстанда улуттар аралык ынтымакты жөнгө салуу жана жалпы жарандык
окшоштукту камсыздоо. Кыргызстан көп улуттуу мамлекет катары республикада көп
тилдүүлүктүн өнүгүшүнө чоң маани берет. Ошондой эле жогорку комиссардын көп тилдүүлүк жана маданияттын ар тараптуулугунда педагогикалык тажрыйбанын өнүгүшүнө көрсөткөн жардамын жогору
баалайт”,- деп Мамытов.
Өз кезегинде Адрид
Торс улуттар азчылыгы иштери боюнча ЕККУнун жогорку комиссарынын башкармалыгы
менен Кыргызстандын ортосундагы кызматташтык жемиштүү жана үзүрлүү болоруна
үмүттөнөрүн айтты.
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.
Рубрикадагы соңку кабарлар
16:28
2025-07-04
10:40
2025-07-03
Рейтинг:
0

