super.kg logo

Токмокто аялдын ден соолугуна оор залал келтиргенге чогуу жашап жүргөн жаран шектелүүдө

 

Чүй облусунун Токмок шаарында аялдын денесине оор залал келтиргенге шектелип бир нече ирет соттолгон жаран кармалды. Облустук ички иштер башкы башкармалыгынан кабарлашкандай, окуя 2021-жылы июнь айында катталган.

Белгилүү болгондой, былтыр 1-июнда Токмок ШИИБине аймактык ооруканадан билдирүү түшкөн. Анда алкоголдук ичимдик ичкен аял ар кандай жаракаттар менен ооруканага жаткырылгандыгы кабарланган.

"Милиция кызматкерлери тарабынан жабырлануучу Н.Ж. экендиги такталган. Бейтаптын ден соолугуна байланыштуу эмне болгону туурасында суроого мүмкүн болгон эмес. Аталган факты каттоого алынып, териштирүү иштери башталган.

Тергөө кызматы тарабынан зарыл болгон экспертизалар дайындалып, кийин комиссиялык экспертизалар дайындалган. Анын жыйынтыгына ылайык, буга чейин катталган материал Кылмыштардын бирдиктүү реестрине 130-беренесине (Ден соолукка оор залал келтирүү) квалификацияланган.

Жүргүзүлгөн ыкчам иш-чаралардын негизинде кылмышка шектелип 2022-жылдын 25-февраль күнү жабырлануучу менен буга чейин жашап жүргөн 1986-жылы туулган А.Б. кармалды. Ал буга чейин бир нече жолу соттолгону маалым болду. Тергөөдө жабырлануучу менен шектүү ичимдик ичип отурушуп, пикир келишпестиктен улам уруша кетишип, аялдын денесине залал келтирилгени маалым болгон. Шектүү жаран убактылуу кармоочу жайга камакка алынып, сотко чейинки өндүрүш иштери улантылууда", - дешти маалымат кызматынан.






 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Комментарийлер(0)
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: