super.kg logo
  Саясат  

Орус маалымат каражаттары: "Садыр Жапаров Орусиянын аракеттерин колдой турганын билдирди"

 

Бүгүн, 26-февралда президент Садыр Жапаров Орусиянын лидери Владимир Путин менен телефон аркылуу сүйлөштү. Президенттин администрациясынан тараптар күн тартибиндеги актуалдуу маселелерди талкуулашып, Украинанын айланасындагы кырдаал боюнча пикир алышканын кабарлашты.

Ал эми орусиялык маалымат каражаттары Кремлдин басма сөз кызматына таянып, "Садыр Жапаров Орусиянын аракеттерин колдой турганын билдирди" деп жазышат.

"Садыр Жапаров Минск келишимдерин бузгандыгы үчүн Киевдин жоопкерчилигин белгилеп, Донбасстын карапайым калкын коргоо боюнча орус тараптын чечкиндүү аракеттерин колдой турганын билдирди.

Мындан тышкары өлкө лидерлери Украинадагы кырдаалды талкуулап, стратегиялык өнөктөштүк жана союздаштыктын орус-кыргыз мамилелерин ар тараптуу чыңдоого эки тараптын ниетин ырасташты. Владимир Путин ошондой эле Садыр Жапаровго принципиалдуу тилектештиги үчүн ыраазычылык билдирди", - деп айтылат маалыматта.

Белгилей кетсек, 24-февраль күнү таңга маал Украина менен Орусиянын ортосундагы кырдаал курчуган. Украинанын тышкы иштер министри Дмитрий Кулеба Орусия Украинага масштабдуу басып кирүүсүн баштаганын билдирген. Кагылыш 3 күндөн бери уланууда.






 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Талкуу жабык.
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: