super.kg logo
  Саясат  

Президенттин маалымат катчысы Украинадагы кырдаал боюнча: "Кыргыз өлкөсү кырдаалдын жөнгө салынышын кубаттайт"

 

Президент Садыр Жапаровдун маалымат катчысы Эрбол Султанбаев Украина менен Орусиянын ортосундагы кагылыш боюнча комментарий берди. Анын айтымында, Кыргыз өлкөсү кырдаалдын жөнгө салынышын кубаттайт.

"Украинадагы кырдаалга байланыштуу Кыргыз өлкөсү тараптардын тынчтыкка тез арада жетишине үмүттөнөрүн белгилейбиз.

Биз түзүлгөн кырдаалды жөнгө салууну кубаттайбыз. Анын ичинде мындан аркы жоготууларга жана кыйроолорго жол бербөө үчүн сүйлөшүү жолун дагы кубаттайбыз", - деп билдирди президенттин басма сөз катчысы.

Белгилей кетсек, бүгүн, 26-февралда президент Садыр Жапаров Орусиянын лидери Владимир Путин менен телефон аркылуу сүйлөштү. Президенттин администрациясынан тараптар күн тартибиндеги актуалдуу маселелерди талкуулашып, Украинанын айланасындагы кырдаал боюнча пикир алышканын кабарлашты.

Ал эми орусиялык маалымат каражаттары Кремлдин басма сөз кызматына таянып, "Садыр Жапаров Орусиянын аракеттерин колдой турганын билдирди" деп жазышты.






 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг -1 
Талкуу жабык.
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: