super.kg logo
  Саясат  

Алмазбек Атамбаев улуттар азчылыгы иштери боюнча ЕККУнун жогорку комиссары Астрид Торсту кабыл алды

 
Алмазбек Атамбаев улуттар азчылыгы иштери боюнча ЕККУнун жогорку комиссары Астрид Торсту кабыл алды
Алмазбек Атамбаев улуттар азчылыгы иштери боюнча ЕККУнун жогорку комиссары Астрид Торсту кабыл алды
Улуттар азчылыгы иштери боюнча ЕККУнун жогорку комиссары Астрид Торс
Кыргыз Республикасынын Президенти Алмазбек Атамбаев 22-ноябрда улуттар азчылыгы иштери боюнча Европадагы коопсуздук жана кызматташтык боюнча уюмунун жогорку комиссары Астрид Торсту кабыл алды. Бул тууралуу президенттин басма сөз кызматы билдирди. 
Мамлекет башчысы Астрид Торс айымды улуттар азчылыгы иштери боюнча жогорку комиссары кызматына шайланышы менен куттуктады. Ошондой эле  этностор аралык мамилелер боюнча Кыргызстан ЕККУнун жогорку комиссары менен кызматташуу мындан ары чыңдаларына ишенимин билдирди. 
Жолугушуунун жүрүшүндө Кыргызстандын этностор саясатын ишке ашыруунун негизги багыттары талкууланды. Тараптар көп тилдүү жана көп кырдуу маданиятты, билимдин артыкчылыгын сактоого токтолушту. 
Мындан сырткары улуттар азчылыгынын укуктарын коргоодо эл аралык нормаларды сактоо жана ачык башкаруунун түрдүү маселелери талкууланды. 
Астрид Торс Кыргызстан менен кызматташууга, өлкөдө тынчтыкты жана ынтымакташтыкты чыңдоого кызыкдар экендигин билдирди.





 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Талкуу жабык.
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: