super.kg logo

Бишкекте 45 жаштагы киши бөтөлкөлөшүнө бычак сайганга шектелүүдө

 

Бишкекте жаранга бычак сайып, денесине оор залал келтиргенге шектүү кармалды. Ленин РИИБинин маалымат кызматынан кабарлашкандай, кармалган жаран жабырлануучунун шериги болгон.

Билдирүүдө айтылгандай, окуя 22-февралда катталган. Анда саат 22:37 чамасында Бишкек ШИИББинин нөөмөт бөлүмүнө Улуттук хирургия борборунан билдирүү түшүп, бычактан жаракат алган И.Б. жандандыруу бөлүмүнө жаткырылганы кабарланган.

"Жерине ыкчам топ барып, окуя тууралуу маалыматтарды алышты. Бишкектин көчөлөрүнүн биринде И.Б менен К. аттуу жаран спирт ичимдигин ичип отуруп, пикир келишпестиктен улам уруша кетишкен. К. аттуу жаран шеригинин курсагына бычак сайып жиберген. Жабырлануучу "Тез жардам" кызматы менен ооруканага жеткирилип, тез арада операция жасалган.

Бул факты Кылмыштардын бирдиктүү реестрине 130-берененин 1-бөлүгү (ден соолукка оор залал келтирүү) менен катталып, сотко чейинки тергөө иштери башталды. Тиешелүү экспертизалар дайындалды.

Ал эми кылмышка шектүү катары 1977-жылы туулган К.К. кармалып, Ленин райондук соту тарабынан 1 айга СИЗО-1ге камакка алынды. Учурда сотко чейинки тергөө иштери улантылууда", - деп билдиришти мекемеден.






 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Комментарийлер(0)
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: