super.kg logo

Зеленський: "Биз татыктуу жооп берип жатабыз. Бул согушта душмандын мүмкүнчүлүгү жок"

 

Украинанын президенти Володимир Зеленський 26-февраль күнү кечинде украиналыктарга кезектеги видео кайрылуусун жолдоду.

Анда ал Украина өлкөнү бошотуу үчүн канча керек болсо, ошончо күрөшө тургандыгын айтты.

"Украинаны коргоо даярдыгы, бири-бирибизге болгон тилектештигибиз жана эр жүрөктүүлүгүбүз өлкөбүздү оккупациялоо сценарийин бузду. Биз татыктуу каршылык көрсөтүп жатабыз. Биз өлкөнү бошотуу үчүн канча убакыт керек болсо, ошончолук күрөшөбүз. Аткылоо уланып жатса дагы, бул талашсыз согушта душмандын мүмкүнчүлүгү жок", - деди Зеленський.

Зеленський Азербайжандын президенти Илхам Алиев менен Түркиянын президенти Режеп Тайип Эрдоган аны менен сүйлөшүүсүндө Украинадагы кырдаал боюнча Орусияга сүйлөшүүлөрдү уюштурууну сунуштаганын айтты.

"Алиев менен Эрдоган Орусия менен сүйлөшүүлөрдү уюштурууну сунушташты. Муну кубаттоого гана болот", - деди украин президенти.

Зеленський ошондой эле бардык Европа өлкөлөрү Орусияны банктар аралык SWIFT эл аралык которуу системасынан ажыратууга макул болгонун айтты.






 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 2 
Комментарийлер(0)
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: