Бишкекте 9 мамлекеттин катышуусунда Борбордук Азиядагы ислам дини тууралуу конференция өтөт
Бишкекте 24-ноябрь күнү “Борбордук Азияда ислам дининин пайда болушундагы интеллектуалдык демилге” аттуу эл аралык конференция өтөт. Иш-чарага Казакстан, Тажикстан, Орусия, Кытай, Иран, Түркия, Ооганстан, Пакистан жана Кыргызстандын коомдук-диний ишмерлери, окумуштуулар, эксперттер катышат. Конференцияда ислам динин изилдөөчүлөр менен эксперттердин диалогу үчүн атайын аянт түзүү маселеси каралат. Мындан сырткары мусулман коомчулугундагы рухий жана социалдык-саясий кыйынчылыктарды биргелешип чечүү каралат. Эл аралык конференциянын жыйынтыгында жалпы катышуучулардын декларациясын кабыл алуу күтүлүүдө.
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.
Рубрикадагы соңку кабарлар
23:19
2025-07-08
19:51
2025-07-07

Рейтинг:
0

