Кыргызстанда күчү 3 баллга жеткен жер титирөө катталды
Кыргызстанда бүгүн, 23-ноябрда саат 06:14тө жер титирөө катталды. Бул тууралуу Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин басма сөз кызматы билдирди.
Маалыматка ылайык, жер титирөөнүн күчү 3-3,5 баллга жеткен. Жер силкинүү Ысык-Көл облусунун Орто-Токой айылынан түндүк-батышка карай 25 чакырым, Балыкчы шаарынан түштүк-батышка карай 40 чакырым аралыкта байкалган. Орто-Токой айылында жер титирөөнүн күчү 1,5-2 баллга жеткен.
Алдын ала маалыматтарга караганда, кыйроолор жана жабыркагандар жок.
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.
Рубрикадагы соңку кабарлар
10:12
2025-06-25

Рейтинг:
0

Комментарийлер(0)
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.