Орусиянын делегациясы украиндер менен сүйлөшүү жүргүзүү үчүн Беларуска барышты
Орусиянын делегациясы украиндер менен сүйлөшүүлөрдү жүргүзүү үчүн Беларуска барды. Алар сүйлөшүүнү Гомелде баштоого даяр экенин Владимир Путиндин сөз катчысы Дмитрий Песковго шилтеме берүү менен чет элдик басылмалар жазып чыгышты.
Делегациянын курамына Тышкы иштер министрлиги, Коргоо министрлиги жана башка ведомстволордун, анын ичинде президенттик аппараттын өкүлдөрү бар экени кабарланды.
"Орус тарап Гомелде сүйлөшүүлөргө даяр, азыр украиналыктарды күтүп жатабыз", - деген Песков.
Өз кезегинде Беларусь өлкөсүнүн Тышкы иштер министрлиги тараптардын сүйлөшүүсүнө бардыгын даярдашканын белгиледи. Ал эми Украинанын президенти Володимир Зеленський сүйлөшүү аянтчасы Минск эмес, Варшава, Будапешт же Стамбул шаарлары болушу керектигин айтты.
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.
Рубрикадагы соңку кабарлар
19:55
2025-06-27

Рейтинг:
0

Комментарийлер(0)
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.