super.kg logo

Орусия "Евровидение 2022" сынагынан четтетилди

 

25-февралда "Евровидение" ыр сынагынын уюштуруучулары быйыл сынакка Орусия катыша албасын билдирди. Бул тууралуу чет элдик басылмалар жазып чыгышты.

Маалыматка ылайык, чечим "Украинадагы абалдын шартында орусиялык өкүлдүн катышуусу сынактын аброюна доо кетирет деген кооптонууну жаратат" деп айтылат уюштуруучулардын билдирүүсүндө.

Мындай чечим биримдиктин бардык мүчөлөрү менен кеңешкенден кийин кабыл алынды.

Финляндиянын Yle телерадиокомпаниясы Орусияны сынакка катышуудан четтетүүнү сунуштады. Эгер Орусия сынакка катышса, Финляндия ага катышуудан баш тартарын эскертти.

"Евровидение" ыр сынагы 1956-жылдан бери өткөрүлүп келет жана 600 миллионго чейинки көрүүчүлөргө ээ болгон дүйнөдөгү эң популярдуу спорттук эмес иш-чаралардын бири болуп саналат. 2022-жылы мелдештин финалы Туринде өтөт.






 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 1 
Комментарийлер(0)
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: