super.kg logo
  Саясат  

Ош. Алай районунда коомдук-саясий абал туруктуу

 
Ош облусунун Алай районунда 23-ноябрда коомдук-саясий абал туруктуу. Бардык мекемелер жана соода түйүндөрү күнүмдүк режимде иштеп жатышат. Бул тууралуу аймактык кабарчыбыз Элира Чынтемир кызы маалымдады.

Эске салсак, Ош облусунун борбордук аянтында кечээ, 22-ноябрда Башкы прокуратура тарабынан камакка алынган депутат Ахматбек Келдибековду бошотуу талабы менен митинг өткөн. Митингге чыккандар башкы прокурор Аида Салянованы кызматтан бошотуп, ага карата кылмыш ишин козгоону талап кылышты. Ал эми Жогорку Кеңештин депутаты Ахматбек Келдибековго карата Кылмыш жана жаза кодексинин "коррупция" жана "кызмат абалынан кыянаттык менен пайдалануу" беренелерине ылайык кылмыш иши козголуп, 20-ноябрда камакка алынган. Бишкекте 22-ноябрь күнү Октябрь райондук соту депутат Ахматбек Келдибековду 19-январга чейин Улуттук коопсуздук боюнча мамлекеттик кызматынын СИЗОсунда камоо чечимин чыгарган.






 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Талкуу жабык.
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: