super.kg logo

Панфилов районунда "адамды сабап кеткен" деген шек менен 2 адам кармалды

 
Чүй ОИИБинин басма сөз кызматынын 23-ноябрда берген маалыматына ылайык, бейбаштыкка шектелип 2 адам кармалды. 
Милиция бөлүмүнө Чалдыбар айылынын 28 жаштагы тургуну Ш.М. кайрылган. Арыз ээси 1-ноябрда саат 23:30 чамасында мас абалындагы 2 адам үйүнүн эшик-терезелерин сындырып кирип, күйөөсү экөөнү сабап салышканын билдирген. 
Аталган факты боюнча Кыргыз Республикасынын Кылмыш-жаза кодексинин 234-беренесине (бейбаштык) ылайык кылмыш иши козголду. 
Иликтөө чараларынын натыйжасында Панфилов районунун тургундары 26 жаштагы  Т.К. жана 25 жаштагы М.А. кармалды. Иликтөө иштери жүрүүдө.





 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Комментарийлер(0)
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: