Эр-Рияд шаарында “Кыргыз өлкөсү – Сауд Арабия Королдугу” аттуу бизнес-форум өттү








Сауд Арабиянын борбору Эр-Рияд шаарында “Кыргыз өлкөсү – Сауд Арабия Королдугу” аттуу бизнес-форум өттү. Бул тууралуу Маданият, маалымат, спорт жана жаштар саясаты министрлигинен билдиришти.
Маалыматка ылайык, ага Кыргыз Республикасынын министрлер кабинетинин төрагасынын биринчи орун басары Арзыбек Кожошев, Жидда шаарынын соода-өнөр жай палатасынын директорлор кеңешинин төрагасы Мохаммед ибн Юсуф Нагинин катышты.
Иш-чаранын жүрүшүндө туризм, айыл чарба жана транспорт инфраструктурасы тармактарындагы инвестициялык жана экспорттук мүмкүнчүлүктөр сунушталды.
Бизнес-форумга 100дөн ашуун катышуучу, анын ичинде каржы институттарынын жана 45 ата мекендик, 65 саудиялык компаниянын өкүлдөрү катышкан.
"Жыйынтыгында энергетика жана айыл чарба продукцияны экспорттоо жаатында 4 документке кол коюлду. Ишкер чөйрө өкүлдөрүнүн ортосунда B2B жолугушуулары өтүп, экспорттук келишимдерге кол коюу күтүлүүдө" - деп айтылат маалыматта.
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.
Рубрикадагы соңку кабарлар
19:52
2025-06-26
13:13
2025-06-26

Рейтинг:
0

