super.kg logo

“Башыңды кесип к...ө тыгып кетем”. Курулуш компаниясынын жетекчиси министр Бейшеналиев коркутуп жатканын айтты

 

“Капитал Билдинг ЛТД” курулуш компаниясынын жетекчиси Досжан Сайрамбаев саламаттыкты сактоо министри Алымкадыр Бейшеналиев тарабынан ага коркутуулар болуп жатканын SUPER.KG порталына билдирди.

Анын айтуусуна караганда, буга алар оңдоп-түзөөдөн өткөргөн Улуттук госпиталдын Урология бөлүмүнүн эски имараты себеп болууда.

Урология бөлүмүн оңдоп-түзөөгө жалпы 85 миллион сомдон ашуун каражат кетмек, учурда анын 70 пайыздан ашууну бүтүп, 66 миллион сом коротулган.

Бул каражаттардын баарын “Капитал Билдинг ЛТД” курулуш компаниясы өз эсебинен короткон. Анткени министр бул имаратты оңдоп-түзөө зарылдыгын айтып, курулуш компаниясы өз эсебинен бүтүрө берсе, аягында каражатты ордуна коюп берүүгө убада берген.

“Биз курулушка жалпы 66 миллион сом короттук, эми министр келип, бизди ГБРдин кызматкерлери менен ал жерден чыгарып салды. Биз карыз алып, ар кайсы курулуш материалдарын саткан жайлардан карыздап, жумушту бүтүрөйүн деп калганда келип эми минткени туура эмес да”, - дейт Сайрамбаев.

Ошондой эле ал аталган имараттын курулушундагы чууга байланыштуу министр тарабынан коркутуулар болуп жатканын айтат.

“Ушунча акча коротулгандан кийин министр мени тааныбайм деп интервью берип жатат. Анысы аз келгенсип “аферист” деп сөгүп жатат, минтип коркутуп жатат. Бул аудиодогу сөгүп коркутуп жаткан Алымкадыр Бейшеналиев. Документте атым Досжан мени мындай Бекбол деп аташат”, - дейт Сайрамбаев.

“Министр тааныбайм дегени калп” деген курулуш компаниясынын жетекчиси курулуш иштеринин жүрүшүндө жана министр менен чогуу түшкөн сүрөттөрү бар экенин айтат.

Ошондой эле алар аталган имаратта курулуш иштерин жүргүзгөнүн тастыктап турарын, бирок ага карабай министр “бизди тааныбайм деп жатат” дейт.






Министр курулуш компаниянын жетекчисин коркутуп жатабы?

 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 1 
Комментарийлер(2)
28.02.2022. 14:59 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+1
Өлгөнү калган окшойсуң министр сөрөй. Ишенгениң бар да ошону үчүн ар нерсени айтып кыйын болуп атасың.
28.02.2022. 16:33 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
-1
Министр азаматсың
1
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: