Украинанын делегациясы Орусия менен сүйлөшүү үчүн Беларустун Гомельская облусуна барды
Украинанын делегациясы тик учак менен Беларустун Гомельская облусуна Орусия менен сүйлөшүү үчүн барды. Бул тууралуу чет элдик басылмаларда жарыяланды.
Маалыматка ылайык, сүйлөшүүдө Украинадагы кагылышты токтотуу жана аскерлерди аймактан алып чыгуу маселелери талкууланат.
Украинанын президентинин Фейсбуктагы расмий баракчасында аталган өлкөнүн делегациясынын курамы тууралуу маалымат берилген.
Ага ылайык, делегациянын курамында коргоо министри Алексей Резников, «Слуга Народа» фракциясынын төрагасы Давид Арахамия, Тышкы иштер министринин орун басары Николай Точицкий, президенттин иш башкармалыгынын башкы кеңешчиси Михаил Подоляк, Жогорку Раданын депутаты Рустем Умеров, Украинанын үч тараптуу байланыш тобунун жетекчисинин биринчи орун басары Андрей Костин бар.
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.
Рубрикадагы соңку кабарлар
19:55
2025-06-27

17:35
2025-06-27
Рейтинг:
2

Комментарийлер(0)
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.