"Эч качан кунун жоготпойт". Садыр Жапаров сомдун куну түшүп жатканына байланыштуу алтын сатып алууну сунуштады

"Каражатты алтынга салуу мүмкүнчүлүгүнө көңүл буруу абдан маанилүү. Биз алтын куймаларын каалаган санда сатып алууну өзгөчө жеңилдеттик. Ар бир валютанын куну качат. Биздин алтындын гана баасы өсөт. Ошол үчүн акчасы бар жарандарыбыз Улуттук банктан алтын сатып алыңыздар.
1 граммдан баштап, 13 килограммга чейинки алтын куймаларын каалаган көлөмдө сатып алсаңыздар болот, чек жок.
Башка өлкөлөргө алып чыгып кетүүгө да чек жок. Эч кандай төлөмдөр да жок, ушундай шарт түзүп койдук. Капиталыңарды кагаз акча менен сактагандан көрө алтын менен сактаңыздар. Ошол эле Улуттук банк сактап берет же ар ким кайда сактаса өзү билет.
Алтын эч качан кунун жоготпойт", - деп айтылат президенттин билдирүүсүндө.
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.
Рубрикадагы соңку кабарлар
19:52
2025-06-26
13:13
2025-06-26

Рейтинг:
4

